Непалда сел жүрүп, жер көчкү болду

Сел жана жер көчкүлөрдөн кеминде 43 адам каза болуп, 30 адам дайынсыз жоголду.

1722405
Непалда сел жүрүп, жер көчкү болду

Непалда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам болгон сел жана жер көчкүлөрдөн кеминде 43 адам каза болуп, 30 адам дайынсыз жоголду.

Өлкө боюнча 3 күнгө созулган нөшөрлүү жамгырдан кийин сел жана жер көчкү жүрдү.

Селден жана жер көчкүдөн кеминде 43 адамдын каза болгону, 20га жакын адамдын жаракат алганы, 30 адамдын ар кайсы жерлерде жоголгондугу маалымдалды.

Борбор шаар Катмандудан болжол менен 350 чакырым батышта жайгашкан Сети айылында тынбай жааган жамгыр 2 күн бою сел суулары астында калган 60 кишиге жетүү аракеттерин кыйындатууда.

Куткаруу топтору аба ырайынын начардыгынан улам айылга жете албай, сел жана жер көчкүдөн эгин аянттары  жана үйлөр жабыркады.

Расмийлер жакынкы күндөрү жаан - чачындын көбүрөөк болорун эскертишти.

 



Тектеш кабарлар