Европада акыркы бир жумада Ковид-19 учурларынын 7 пайызга өскөнү байкалды

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) жарыялаган жумалык Ковид-19 отчетунда, дүйнөдө оорулардын көбөйүшү жана өлүмдөр каралды.

1722486
Европада акыркы бир жумада Ковид-19 учурларынын 7 пайызга өскөнү байкалды

Коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) акыркы жумада Европада мурунку жумага салыштырмалуу 7 пайызга көбөйгөнү кабарланды.

Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) жарыялаган жумалык Ковид-19 отчетунда, дүйнөдө оорулардын көбөйүшү жана өлүмдөр каралды.

Отчетто акыркы жумада дүйнөдө 2.7 миллион адамдын Ковид-19 тесттери позитив болуп чыгып, 46 миң адам каза болгону кабарланды.

Акыркы жумада эң чоң төмөндөөлөр Африка жана Тынч океандын батыш аймактарында байкалган, бул 18 пайыз жана 16 пайыз деп белгиленген.

Вакцинация ылдамдыгынын жоктугуна карабастан, Африкада учурлардын көбөйүшүнүн азайышы отчетто баса белгиленген маселелердин бири болгон.

Отчетто акыркы жумада Европада 1.3 миллион жаңы учур катталганы жана Европа өлкөлөрүнүн жарымынан көбүндө Ковид-19 учурлары көбөйгөнү баса белгиленди.

Отчетто Европада Ковид-19 учурларынын 3 жумадан бери өсүп жатканы, өткөн жумада учурлар мурдагы жумага салыштырмалуу 7 пайызга өскөнү жана дүйнөдөгү жуккан учурлар көбөйгөн жалгыз регион Европа болгону катталган.



Тектеш кабарлар