Залмай Халилзад отставкага кетти
Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен Залмай Халилзаддын ордуна орун басары Томас Уэсттин дайындалганын жарыялады.
Америка Кошмо Штаттарынын Мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзаддын отставкага кеткенин жана анын ордуна орун басары Томас Уэсттин дайындалганын жарыялады.
Блинкен билдирүүсүндө : «Афганистандын атайын өкүлү Залмай Халилзад кызматынан кетти. Америка калкына ондогон жылдык кызматынан улам ыраазычылыгымды билдирем. Мындан мурда атайын өкүлдүн жардамчысы кызматын аткарган Томас Уэст Афганистан өкүлү болот»,- деди.
Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден вице - президенттик кызматын аткарган кезде улуттук коопсуздук тобунда орун алган Томас Уэсттин Афганистанга байланыштуу дипломатиялык аракеттерге жол башчылык кыларын белгилеген Блинкен : «Атайын өкүл Томас Уэст дипломатиялык аракеттерге жол башчылык кылат. Түштүк жана Орто Азия боюнча бюросунда министр жана министр орун басарына кеңеш берет»,- деди.
Америка Кошмо Штаттарынын мурдагы президенти Дональд Трамп тарабынан Афганистан атайын өкүлчүлүгүнө дайындалган Халилзад Америка Кошмо Штаттарынын Талибан менен сүйлөшүүлөрүндө маанилүү роль ойногон.
Тектеш кабарлар
Израилдин Газа жана Рефахка кол салуулары...
Израилдик күчтөр Газа тилкесинин түштүгүндөгү Хан Юнус шаарынын чыгышындагы аймактарга кирди.