АКШдан Ливанга 67 миллион долларлык колдоо

Нуланд Ливанга расмий сапарынын соңунда борбор шаар Бейруттагы Рефик Харири эл аралык аэропортунда пресс-конференция өткөрдү.

1719997
АКШдан Ливанга 67 миллион долларлык колдоо

Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Мамлекеттик департаментинин саясий иштер боюнча мамлекеттик катчысынын орун басары Виктория Нуланд Ливан армиясына 67 миллион доллар жардам бере тургандарын билдирди.

Нуланд Ливанга расмий сапарынын соңунда борбор шаар Бейруттагы Рефик Харири эл аралык аэропортунда пресс-конференция өткөрдү.

АКШнын өткөн аптада Ливанга 6 согуштук тик учак бергенин билдирген Нуланд, өлкөсүнүн Ливан армиясына 67 миллион доллар кошумча колдоо көрсөтөрүн маалымдады.

Нуланд каржылык колдоонун мазмуну жана убактысы тууралуу маалымат берген жок.

Нуланд ошондой эле Ирандын Ливанга бере турган электр энергиясын колдоо темасына да токтолуп, "бул жөн эле маалымат каражаттарында үнүн көтөрүү аракети" деди.

Бир күн мурун Орусиянын борбор шаары Москвадан Бейрутка барган Нуланд, Ливандын президенти Мишель Аун, парламент спикери Набих Берри, премьер -министр Нажиб Микати жана тышкы иштер министри Абдулла Бухабиб менен жолугушкан болчу. 



Тектеш кабарлар