Уильям Шатнер космоско чыккан эң кары адам болду
Актёр Уильям Шатнер, космостук саякатка катышты.
'Star Trek' сериалындагы капитан Кирк космоско чыккан эң кары адам болду.
Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) "Star Trek" сериялы менен белгилүү болгон актёр Уильям Шатнер, ишкер Жефф Безостун Blue Origin компаниясы тарабынан уюштурулган космостук саякатка катышты.
Start Trekте капитан Кирктин образы менен дүйнөгө таанымал болгон Канада тектүү актёр Шатнер, Америка Кошмо Штаттарынын Техас штатынан ишке ашырылган учурууда берки 3 адам менен космоско кыска сапар жасаган коноктордун арасында болду.
Жефф Безостун күйөрманы болгон 90 жаштагы актер NS-18 миссиясы менен космоско саякат кылган эң кары адам жана киноактер болуп калды.
Техастын Ван Хорн аймагынан ишке ашырылган учуруу менен 10 мүнөткө созулган саякатта 106 километр бийиктикке чыккан космостук аппарат ошол эле аймактын жанындагы чөлгө ийгиликтүү конду.
Тектеш кабарлар
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.