PIA Ооганстанга аба каттамдарын токтотту

Мурда 120-150 доллар болгон PIAнын Кабул-Исламабад авиабилеттери 2 миң-2 миң 500 долларга сатылууда.

1719747
PIA Ооганстанга аба каттамдарын токтотту

Пакистан эл аралык аба жолдору (PIA) талибдер билет баасын төмөндөтүүнү талап кылгандан кийин бул өлкөгө учууларды токтотконун жарыялады.

Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазышынча, PIA өз билдирүүсүндө бул өлкөгө аба каттамдары талибдердин мүчөлөрүнүн эреже өзгөртүүлөрүнө байланыштуу токтотулганы белгиленди.

PIAнын билдирүүсү Ооганстандын Транспорт жана авиация министрлигинин билдирүүсүнөн кийин жарыяланды.

Ооганстандын Транспорт жана авиа министрлигинин билдирүүсүндө, PIA жана жергиликтүү авиакомпания Кам Эйрден Кабул-Исламабадга билет баасын төмөндөтүү суралган.

Билдирүүдө кандайдыр бир эреже бузуулар катталса PIA жана Kam Air авиакомпаниясынын Кабулдан Исламабадга болгон рейстери токтотула турганы эскертилген.

Мурда 120-150 доллар болгон PIAнын Кабул-Исламабад авиабилеттери 2 миң-2 миң 500 долларга сатылууда. PIA камсыздандыруу төлөмдөрүнүн жогорулашы билеттердин баасын көтөргөнүн айтууда.



Тектеш кабарлар