Калифорниядагы өрт: Өзгөчө кырдаал жарыяланды

Санта Барбаранын жетекчилиги аймакта өзгөчө кырдаал жарыялады.

1719244
Калифорниядагы өрт: Өзгөчө кырдаал жарыяланды

АКШнын Калифорния штатынын түштүгү 3 күндөн бери токой өрттөрү менен алпурушууда.

54 километрдик аянтта таасирдүү болгон өрттү өчүрүү үчүн 200дөн ашуун өрт өчүргүчтөр күрөшүп жатканда, Санта Барбаранын жетекчилиги аймакта өзгөчө кырдаал жарыялады.

Аймактагы шамалдын ылдамдыгы маал-маалы менен саатына 113 чакырымга жетсе, бадалдардан турган өсүмдүктөр жалындын тез жайылышына себеп болууда.

Тик жерлер да күрөштү кыйындатып жатат.

Өрт жайылып жаткан аймактар ​​эвакуацияланууда. Буга чейин 100дөн ашык фермалар жана үйлөр эвакуацияланды.

Өрт коркунучу бар жерлердин арасында мурунку президенттерден Рональд Рейгандын фермасы да бар.

Рейгандын учурунда көптөгөн лидерлер коноктолгон ферма Батыштагы Ак үй катары белгилүү эле.



Тектеш кабарлар