Фталат АКШда жыл сайын 100 миң адамдын өмүрүн алууда

Нью-Йорк университети жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы Environmental Pollution журналына жарыяланды.

1718980
Фталат АКШда жыл сайын 100 миң адамдын өмүрүн алууда

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) жыл сайын болжол менен 100 миң адам пластмассадан жасалган буюмдарда табылган фталат деп аталган заттын айынан мезгилсиз каза болууда.

Нью-Йорк университети жүргүзгөн изилдөөлөрдүн жыйынтыгы "Environmental Pollution" журналында жарыяланды.

Изилдөөлөр көрсөткөндөй, оюнчуктар, кийимдер жана шампунь сыяктуу жүздөгөн буюмдарда кездешүүчү фталат деп аталган химикат жыл сайын 55 жаштан 64 жашка чейинки 91000-107000 адамдын өмүрүн алууда.

Бул химикат, пластмассадан жасалган буюмдардын катуулугун азайтууга, ийкемдүүлүгүн жогорулатууга же тунук кылууга мүмкүндүк берет.

АКШнын Улуттук экологиялык саламаттык сактоо илимдер институтунун маалыматына караганда, фталаттар адамдын денесиндеги эндокриндик система деп аталган гормон өндүрүш механизмине тоскоол болушат. Бул кийлигишүү өсүүдө, көбөйүүдө, мээде жана иммунитетте көйгөйлөрдү жаратат.



Тектеш кабарлар