Штайнмайер түрк жумушчуларынын Германияны байытканын айтты

Штайнмайер Германия менен Түркиянын ортосундагы эмгек келишиминин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөдү.

1715429
Штайнмайер түрк жумушчуларынын Германияны байытканын айтты

Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер түрк жумушчуларынын Германияны байытканын айтты.

Штайнмайер Германия менен Түркиянын ортосундагы эмгек келишиминин түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата өткөрүлгөн иш-чарада сөз сүйлөдү.

Германиялык Түрк коомчулугу тарабынан уюштурулган иш-чарага жубайы менен катышкан Франк-Вальтер Штайнмайер түрк жумушчуларынын өлкөнү байытканын айтып: «Алардын күжүрмөн эмгеги жана адамгерчилиги биздин өлкөнү бүгүнкү абалына алып келди. Бул үчүн мен аларга түбөлүк ыраазымын»,-деди.

Штайнмайер конок жумушчулардын окуялары окуу китептеринен татыктуу орун алышы керектигин белгилеп: «Биз алардын окуяларын өлкөбүздүн тарыхынын ажырагыс бөлүгү катары айтып бергенибизде, баарыбыздын тарыхыбызды түшүнө алабыз», деп билдирди.

Түрк коочулугун Германиядагы коомчулукту бирге түзүүгө да чакырган Штайнмайер: «Сиз үчүн бөлүнгөн орунду алыңыз, ортоңку орунду толтуруңуз. Бул коомчулуктун калыптанышына катышыңыз, анткени бул сиздин коомчулук», деп айтты.

Иш-чаранын аягында сахнага чыккан ырчылар түрктөр Германияга барганда көп уккан ырларды ырдашты.

Ошол ырлардын бири Мүслүм Гүрсестин аткаруусундагы Сүйүүгө толгон кербендер болчу.

Президент Штайнмайер да ырды абдан кунт коюп жана суктануу менен укту.



Тектеш кабарлар