Ооганстанда азык-түлүк коопсуздугу

БУУнун өкүлдөрү кыш жакындаган сайын ооган үй-бүлөлөрүнө таза суу, азык -түлүк жана саламаттык сактоо кызматтарын жеткирүү үчүн убакыт менен жарышып жатканын билдиришти.

1715448
Ооганстанда азык-түлүк коопсуздугу

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Ооганстанда 14 миллион адамдын азык-түлүк коопсуздугу жок экенин, жетишсиз тамактануу жана азык-түлүк тартыштыгы бүт өлкө боюнча жайылып жатканын эскертти.

БУУнун Балдарга жардам фондунун (ЮНИСЕФ) Ооганстан өкүлү Эрве Людовик Де Лыс менен Дүйнөлүк Азык-түлүк программасынын Ооганстан өкүлү Мэри-Эллен МакГроарти Герат шаарына эки күндүк сапарынан кийин өлкөдөгү жетишсиз тамактануу көйгөйүнүн олуттуу экенине көңүл бурушту.

БУУнун өкүлдөрү кыш жакындаган сайын ооган үй-бүлөлөрүнө таза суу, азык -түлүк жана саламаттык сактоо кызматтарын жеткирүү үчүн убакыт менен жарышып жатканын билдиришти.

БУУнун баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дюжаррик Ооганстанда 14 миллион кишинин азык-түлүк коопсуздугу жок экенин, ушул жылдын аягына чейин болжол менен 3,2 миллион баланын болсо жетишсиз тамактануу коркунучу алдында турганын айтты.

Жетишсиз тамактануу жана азык-түлүк тартыштыгы өлкө боюнча жайылып жатканын белгилеген Дюжаррик, жылдын аягына чейин Ооганстанда 11 миллион кишиге жардам жеткирүү үчүн зарыл болгон 606 миллион доллардын 35 пайызы гана чогултулганын кабарлады.



Тектеш кабарлар