Марокко менен Орусиянын ортосундагы түз учуулар токтоду

Орусиянын Рабаттагы элчилигинин Facebook баракчасындагы жазуу түрүндөгү билдирүүдө, «Марокко жетекчилиги бүгүнтөн тарта Орусия менен аба каттамдарын токтотууну чечти», деген сөздөр камтылды.

1715473
Марокко менен Орусиянын ортосундагы түз учуулар токтоду

Марокко бийлигинин Орусия менен түз аба каттамдарын токтоткондугу маалым болду.

Орусиянын Рабаттагы элчилигинин Facebook баракчасындагы жазуу түрүндөгү билдирүүдө, «Марокко жетекчилиги бүгүнтөн тарта Орусия менен аба каттамдарын токтотууну чечти», деген сөздөр камтылды.

Марокконун мындай кадамынын себеби тууралуу эч кандай маалымат берилбесе да, бул чечимдин эки өлкөнүн ортосундагы түз аба каттамдарын гана камтыганы айтылды.

Марокко бийлиги болсо азырынча бул темада билдирүү жасай элек.

Орусия коранавирус (Ковид-19) чараларынын алкагында 8 өлкөгө, анын ичинде Мароккого болгон аба каттамдарын май айында кайрадан баштаган. Сентябрда да Марокко жарандарынын Орусияга түз учуу жана Беларусь аркылуу кире аларын жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар