Израиль күчтөрү 20 палестиналыкты камакка алды

Батыш Шериада камакка алынгандардын арасында 13 жана 16 жаштардагы эки палестиналык баланын да бар экендиги маалымдалды.

1715726
Израиль күчтөрү 20 палестиналыкты камакка алды

Израиль күчтөрү басып алган Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста 20 палестиналыкты камакка алды. Алардын ичинен экөөсү бала. 

Палестинанын расмий агенттиги WAFAда орун алган кабарда Израиль күчтөрүнүн Батыш Шериа жана Чыгыш Кудстун түрдүү аймактарында тинтүү жүргүзгөндүгү белгиленди. 

Тинтүүлөрдө Батыш Шериада 10, Чыгыш Кудста да 10 палестиналыктын камоого алынгандыгы билдирилди. Батыш Шериада камакка алынгандардын арасында 13 жана 16 жаштардагы эки палестиналык баланын да бар экендиги маалымдалды. 

 



Тектеш кабарлар