Европада көмүрдүн баасы эң жогорку чекке жетти

Көмүргө болгон талап, экономикалар кайрадан калыбына келе баштаганда көбөйө баштады.

1715522
Европада көмүрдүн баасы эң жогорку чекке жетти

Европада ноябрдагы келишимдерде көмүрдүн тонна баасы 275 долларга чейин көтөрүлүп эң жогорку чекке жетти.

Коронавируска (Ковид-19) каршы көрүлгөн чаралардан улам азайган көмүр талабы, экономикалар кайрадан калыбына келе баштаганда көбөйө баштады.

Европада дисбаланстын айынан жаратылыш газы менен бирге көмүрдүн баасы да рекорд жаңылоодо.

API2 Rotterdam көмүр рыногунда ноябрь айынын фьючерстери боюнча көмүрдүн баасы тоннасына 275 долларга жетип рекорд койду.

Былтыр ноябрдагы келишимдерде тоннасы 55 доллар деңгээлинде болгон көмүрдүн баасынын өсүшү 400 пайызга жетти.

Көмүрдүн баасы акыркы айда болсо дээрлик 70 пайызга жогорулаган болчу.



Тектеш кабарлар