Израиль 8 палестиналыкты камоого алды

Камакка алынгандардын арасында палестиналык журналист Ради Карамандын да бар экендиги билдирилди.

1715101
Израиль 8 палестиналыкты камоого алды

Израиль күчтөрү оккупациядагы Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста 8 палестиналыкты камоого алды. Алардын ичинен бирөөсү журналист.

Палестинанын расмий агенттиги WAFAда орун алган кабарга караганда Израиль күчтөрү Батыш Шериа жана Чыгыш Кудстун түрдүү аймактарында тинтүү жүргүздү. 

Тинтүүдө Батыш Шериада 7, Чыгыш Кудста 1 палестиналык камакка алынды. Батыш Шериада камакка алынгандардын арасында палестиналык журналист Ради Карамандын да бар экендиги билдирилди. 

 

 



Тектеш кабарлар