Дүйнөнүн эң чоң жүк ташуучу учагы Түркияда...

Казакстандын Алматы шаарынан учкан учак Стамбул аэропортуна конду.

1715045
Дүйнөнүн эң чоң жүк ташуучу учагы Түркияда...

Дүйнөнүн эң чоң жүк ташуучу "Мрия" учагы май куюу үчүн биринчи жолу Түркияда ...

Казакстандын Алматы шаарынан асманга көтөрүлгөн учак 6 саат 15 мүнөт учкандан кийин Түркия убактысы боюнча 12.00дө Стамбул аэропортуна конду.

Күйүүчү май куюп алгандан кийин Австриянын Линц шаарына кетүү үчүн кайрадан учкан "Мрия" аттуу Ан-225, өз тармагында дүйнөдөгү эң чоң учак катары белгилүү.

Учак ошондой эле табигый кырсыктарда гуманитардык жардам максатында колдонулат.

Максималдуу жүктөмү 250 тонна болгон учак саатына 850 километр ылдамдыкка жете алат жана 12 миң метрге чейин көтөрүлө алат.

Узундугу 84 метр, бийиктиги 18,1 метр болгон учак 200 тонна салмак менен 4000 чакырымга чейин жүрө алат.



Тектеш кабарлар