Ирандагы жер титирөөдөн адамдар жаракат алды

Иранда 5,7 баллдык жер титирөө катталды.

1714351
Ирандагы жер титирөөдөн адамдар жаракат алды

Ирандын Чахармахал жана Бахтиари аймагына караштуу Челгерд шаарында болгон күчү 5,7 баллга жеткен жер титирөөдөн 12 киши жаракат алды.

Тегеран университетинин сейсмология борборунун билдирүүсүнө караганда, эпицентри Чахармахал-Бахтари аймагынын Челгерд шаарында болгон жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 06.09да катталды.

Жер титирөөнүн 10 километр тереңдикте болгондугу билдирилди.

Ирандын Өзгөчө жардам агенттигинин басма сөз катчысы Муктеба Халиди жер титирөөдөн 12 адамдын жаракат алганын кабарлап: «Алардын 8и жер титирөө учурунда сыртка чыгууга аракет кылып жатышканда, 4 адам болсо урандынын кулашынан жаракат алышты»,- деди.



Тектеш кабарлар