Украинанын тышкы иштер министри Михаил Саакашвилиге колдоо көрсөтүлөрүн билдирди
Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба : "Биз кыйынчылыкка кабылган ар бир Украина жаранын коргойбуз",- деди.
Украинанын тышкы иштер министри Дмитро Кулеба 8 жылдан кийин өз өлкөсүндө кармалган Грузиянын мурдагы президенти Михаил Саакашвилиге керектүү колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.
Кулеба Дом твга маалымат берип, Саакашвили өздөрүнүн жараны экенин, ошондуктан ага керектүү колдоо көрсөтүлөрүн айтты.
Кулеба : "Биз кыйынчылыкка кабылган ар бир Украина жаранын коргойбуз",- деди.
Грузиянын премьер - министри Ираклий Гарибашвили 8 жылдан кийин 1 – октябрдь күнү кайтып келген мурдагы президент Михаил Саакашвилинин кармалганын жарыялады.
Саакашвили 2015 - жылдын 4 - декабрында Грузиянын жарандыгынан чыгарылган. Украинада «Жаңы күчтөр кыймылы» партиясын негиздеген Саакашвили оппозицияда болчу.
2017 - жылдын 26 - июлунда Украина жарандыгынан ажыратылган Саакашвилиге өткөн жылы Украинанын президенти Владимир Зеленский кайрадан украин жарандыгын берген.
Саакашвили 2020 - жылдан бери Украинанын Улуттук Реформасынын Аткаруу комитетинин төрагасы.