Японияда болгон "Мундулле" тайфуну

Япониянын чыгышына жана түштүгүнө таасирин тийгизген тропикалык "Миндулле" тайфунунан 4 адам жаракат алды.

1713702
Японияда болгон "Мундулле" тайфуну

Япониянын чыгышына жана түштүгүнө таасирин тийгизген тропикалык "Миндулле" тайфунунан 4 адам жаракат алды.

Тынч океанда пайда болгон "Миндулле" тайфуну Токио мегаполиси жайгашкан Хонсю аралынын түштүгүндө күчүнө кирди.

Киодо агенттигинин билдиргенине караганда Канагава штатында 4 киши жаракат алып, Япония аба жолдору 100дөн ашуун каттамын токтотту. 

Чиба провинциясынын Исуми аймагындагы Самуро дарыясы нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен ташса, Иномия аймагындагы  мектептин чатыры учуп кеткен.

Япониянын Метеорологиялык Агенттиги  аймактын элин жер көчкү жана дарыядагы суу ташкындарына каршы сак болууга чакырды. Тайфунга байланыштуу Токионун метрополитанындагы кээ бир поезд каттамдары да токтотулду.

Өлкөнүн чыгыш жээгиндеги Изу аралынын жээгине бийиктиги 11 метрге чейинки толкундардын келгени билдирилди. Япониянын Метеорологиялык Агенттиги  Хонсюнун түндүгүн көздөй бараткан тайфундун Токио менен анын тегерегиндеги штаттарга таасирин тийгизе турганын билдирди.

 

 



Тектеш кабарлар