Британияда аскерлер күйүүчү май таратышат

Британияда жүргүзүлгөн изилдөө май куючу жайлардын 26 пайызында бензин да, дизель да жок экенин көрсөттү.

1713679
Британияда аскерлер күйүүчү май таратышат

Британияда куралдуу күчтөр дүйшөмбү күндөн тарта бензин станцияларына күйүүчү май ташый баштайт.

Британия өкмөтүнөн берилген маалыматка караганда 200 аскер алардын ичинен 100 айдоочу станцияларга жасалган кысымды  жеңилдетүү үчүн «убактылуу» колдоо көрсөтөт.

Бир жума танкерлер менен май куючу жайларды кандай толтурарын үйрөнгөн аскерлер, дүйшөмбү күнү эрет күйүүчү май өткөрөт.

Өзгөчө 300гө жакын чет элдик күйүүчү май танкерин айдоочусу да март айынын акырына чейин Британияда иштөө үчүн кыска убакытта ишин баштайт.

Британияда жүргүзүлгөн изилдөө май куючу жайлардын 26 пайызында бензин да, дизель да жок экенин көрсөттү.

Кризис өткөн аптада BP жана Tesco Alliancтын өлкөдө оор жүк ташуучу машина айдоочуларынын жетишсиздигинен улам күйүүчү май жеткирүүнүн үзгүлтүккө учарагандыгын билдирүүсүнөн кийин башталган.  

Билдирүүдөн кийин станциялардын алдында узун кезектер пайда болуп, айрым станцияларда күйүүчү май калбай калган.  Маселени  чечүү үчүн кыска убакытка аскерлердин жардам берери жарыяланган.



Тектеш кабарлар