Афганистанда Талибан унаасына кол салуу болду

ДЕАШ Талибан Афганистанды колго алгандан кийин кол салууларын күчөттү.

1713684
Афганистанда  Талибан унаасына кол салуу болду

Афганистанда Талибандын унаасына бомбалуу кол салуу болду

Афганистандын Перван аймагында Талибан күчтөрүнө таандык бир унаага карата бомбалуу кол салууда Талибан мүчөлөрүнөн жаракат алгандардын болгондугу билдирилди.

Талибан катчысынын орун басары Билал Керими массалык маалымат каражаттарына берген билдирүүсүндө Первандын борбору Чарика шаарында Талибан күчтөрүнө таандык бир унаага бомбалуу кол салуунун болгонун айтты.

Кол салуудан кийин аймакта кол салууну аткаргандарга карата операциянын жүргүзүлгөндүгүн айткан Керими операцияда террлордук уюм ДЕАШтын мүчөсү бир нече адамдын өлтүрүлгөндүгүн жана айрымдарынын тирүү кармалгандыгын белгиледи.

Керими бомаблуу кол салуу жана операция учурунда талибдердин да жаракат алгандыгын билдирди.

ДЕАШ Талибан Афганистанды колго алгандан кийин кол салууларын күчөттү.



Тектеш кабарлар