Румыниядагы ооруканада өрт: 9 адам каза болду
Констанцадагы жугуштуу оорулар ооруканасында өрт чыкканын кабарлады.
1713307
Румыниянын Констанца шаарындагы ооруканада чыккан өрттөн 9 адам каза тапты.
Румыниянын чукул абал инспекциясы Констанцадагы жугуштуу оорулар ооруканасында өрт чыкканын кабарлады.
Өрттөн 9 адам көз жумуп, ооруканада жаткандар эвакуацияланды.
Өчүрүлгөн өрттүн себеби боюнча териштирүү иштер башталды.
Пиатрра-Нямт шаарында 2020-жылдын ноябрь айында коронавирус (Ковид-19) менен ооруган бейтаптар жаткан реанимация бөлүмүндө чыккан өрттөн 10 адам каза болгон.