Ливиядан Каирге учуулар кайрадан башталды

Эки өлкөнүн ортосундагы жарандык аба каттамдарын Ливиянын эки башка авиакомпаниясы ишке ашыраары айтылды.

1713167
Ливиядан Каирге учуулар кайрадан башталды

Ливиянын борбору Триполи менен Египеттин борбору Каирдин ортосундагы жарандык аба каттамдары 7 жылдан кийин кайрадан башталды.

Триполинин Митига аэропортунун жетекчилигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Ливиянын мамлекеттик Afriqiyah Airways учагынын 7 жылдан кийин Каир аэропортуна учканы кабарланды.

Эки өлкөнүн ортосундагы жарандык аба каттамдарын Ливиянын эки башка авиакомпаниясы ишке ашыраары айтылды.

Триполиден Египеттин Александрия шаарына аба каттамдары болуп турганда, борбор шаар Каирге учуулар болсо Египет бийлигинин "коопсуздук шарттарын" себеп көрсөткөнү боюнча жүргүзүлбөй жаткан.

Ливияда 2014-жылдан бери уланып жаткан жарандык согуштун жана саясий кризистердин айынан көптөгөн элчиликтер жана чет өлкөлүк миссиялар бул өлкөдөгү ишин токтотуп, эл аралык каттамдар да толугу менен токтогону калган.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жетектеген диалогдун алкагында, өткөн жылдын октябрь айында Ливияда ок атууну токтотуу жана март айында премьер -министр Абдулхамид Дибейбе жетектеген Улуттук Биримдик Өкмөтү менен өлкөдө жарым-жартылай туруктуулукка жетишилген.



Тектеш кабарлар