Иранда жер титиреди

Жер титирөөдөн 4 адамдын жабыркаганы кабарланды.

1713254
Иранда жер титиреди

Ирандын түштүк-батышындагы Бушир облусунда күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөдөн 4 адамдын жабыркаганы кабарланды.

Тегеран университетинин сейсмология борборунун билдирүүсүнө караганда, эпицентри Бушир облусунун Гунаве районунда болгон жер титирөө жергиликтүү убакыт боюнча саат 04.45те катталды.

Билдирүүдө жер титирөөнүн 10 километр тереңдикте болгондугу айтылды.

Жер титирөөдөн кийин издөө-куткаруу топторунун аймакка жөнөтүлгөндүгү жана 4 кишинин жаракат алгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар