Британияда 18 жашка чейинкилерге ботокс жана эрин толтургучтарга тыюу салынды

Өлкөдө бүгүндөн баштап күчүнө кире турган мыйзамдын максаты жаштарды коргоо болуп саналат.

1713402
Британияда 18 жашка чейинкилерге ботокс жана эрин толтургучтарга тыюу салынды

Британияда 18 жашка чейинкилерге косметикалык себептерден улам ботокс жана эрин толтургучтарга тыюу салынды.

Өлкөдө бүгүндөн баштап күчүнө кире турган мыйзамдын максаты жаштарды коргоо болуп саналат.

Британиянын Саламаттык сактоо министрлиги мыйзамды бузгандарга кылмыш иши козголуп, акчалай жаза берилиши мүмкүн экенин кабарлады.

Экинчи жагынан, медициналык муктаждык болгондо бул кишилерге ботокс жана эрин толтургучтарды колдонсо болот.

Аталган мыйзам Британиянын тышынан өлкөгө киргендер же 18 жаштан ашкан бирөөнүн уруксаты керек болгондорду да камтыйт.

Британияда жаңы мыйзам күчүнө кире электе 18 жашка чейинки өспүрүмдөргө жаш курактары текшерилбестен ботокс сыяктуу ыкмалар колдонулчу.



Тектеш кабарлар