ЕБ Ооганстанга гуманитардык жардам үчүн 300 миллион евро бөлдү

Евробиримдик Кабулга гуманитардык жардам жеткирүүдө.

1712429
ЕБ Ооганстанга гуманитардык жардам үчүн 300 миллион евро бөлдү

Европа Биримдиги Ооганстанга 300 миллион евролук гуманитардык жардам берет.

Европа Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Твиттердеги баракчасынан: «Биз Ооганстан элине колдоо көрсөтөбүз. Бүгүн Евробиримдик Кабулга учак менен маанилүү гуманитардык жардам жеткирди. Дагы көбүрөөгү жеткирилет. ЕБ Ооганстан үчүн 300 миллион евролук гуманитардык жардам берет»,-деп билдирди.

Комиссиянын кризисти башкаруу боюнча жооптуу мүчөсү Янез Ленарчич да өз билдирүүсүндө, Евробиримдиктин гуманитардык аба көпүрөсүнүн Ооганстанга 32 тоннадан ашуун жардамды жеткиргенин жарыялады.

Ленарчич Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен ЮНИСЕФтин өнөктөштүгүндөгү жардамдардын кагылышуулар жана холера эпидемиясынан жапа чеккен оогандарга колдоо көрсөтүүгө багытталганын билдирген.

Евробиримдик буга чейин өлкөнүн ичиндеги жана тышындагы оогандарга гуманитардык жардамдын көлөмүн 50 миллиондон 200 миллион еврого чейин көбөйткөнүн жана кырдаалдын жүрүшүнө жараша көбөйтүлүшү мүмкүн экенин жарыялаган болчу.



Тектеш кабарлар