АКШ менен Кытайдын ортосундагы аскердик диалог сүйлөшүүлөрү аяктады

Кытай тарап азырынча сүйлөшүүлөргө байланыштуу расмий билдирүү жасай элек.

1712841
АКШ менен Кытайдын ортосундагы аскердик диалог сүйлөшүүлөрү аяктады

Америка Кошмо Штаттары (АКШ) менен Кытай армияларынын эки өлкөнүн ортосундагы атаандаштыкты жоопкерчилик менен башкарууга багытталган эки күндүк сүйлөшүүлөрүнүн аяктаганы жарыяланды.

(АКШ) Коргоо министрлигинин (Пентагон) билдирүүсүнө караганда, АКШнын Кытайга байланышкан маселелер боюнча коргоо министринин орун басары Майкл Чейз шейшемби жана шаршемби күндөрү телекөпүрө аркылуу Кытайдын генерал-майору Хуан Сюэпин менен жолугушту.

АКШнын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы подполковник Мартин Майнерс, ачык байланыш линияларын улантуу үчүн өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн атаандаштыкты жоопкерчиликтүү башкаруу максатын көздөгөнүн белгиледи.

Майнерс, тараптардын АКШ менен Кытайдын коргонуу мамилесине таасирин тийгизген маселелерди терең жана ачык талкуулашканын айтты.

Вашингтондун Инд-Тынч океан аймагындагы союздаштары менен бирдиктүү принциптерди сактоого милдеттенме алганын билдирген Майнерс: «Эки тарап тең байланыш каналдарын ачык кармоо боюнча бир пикирге келишкенин ырасташты»,-деди.

Кытай тарап азырынча сүйлөшүүлөргө байланыштуу расмий билдирүү жасай элек.



Тектеш кабарлар