ЕБ: «Кытай менен ЕБ пикир келишпестиктерге карабай биргеликте иштеши керек»

Европа Биримдиги-Кытай стратегиялык диалог жыйыны өткөрүлдү.

1712005
ЕБ: «Кытай менен ЕБ пикир келишпестиктерге карабай биргеликте иштеши керек»

Европа Биримдигинин (ЕБ) Тышкы байланыштар жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, Кытай менен Евробиримдиктин пикир келишпестиктерге карабай кызматташууну улантуусу керектигин билдирди.

Боррелдин кеңсесинин билдирүүсүнө караганда, 11-Европа Биримдиги-Кытай стратегиялык диалог жыйыны өткөрүлдү.

Кытайдын тышкы иштер министри Ван И менен жолугушкан Боррель, пикир келишпестиктер уланып жатканын бирок ЕБ менен Кытайдын көптөгөн маанилүү маселелерде биргеликте иштеши жана ЕБ менен Кытайдын адам укуктары боюнча диалогунун кайрадан баштатылышы керектигине көңүл бурду.

Боррель кийинки жыйындын жылдын аягына чейин болот деп үмүттөнөрүн белгиледи.

Билдирүүдө ушул алкакта Шинжаң-Уйгур автономиялуу району менен Гонконгдогу кырдаалдын да талкууланганы айтылып, Боррелдин Европа Биримдигинин Тайванга карата "Бир Кытай" саясатын баса белгилегени маалымдалды.

Ошондой эле ЕБ менен Кытайдын Мьянмага карата аймактык туруктуулук үчүн кызыкчылыктары жана тынчсыздануулары билдирилип, Боррелдин Ооганстан боюнча күчтүү координациянын зарылдыгын айтканы кабарланды.  



Тектеш кабарлар