АКШда жасалма дары-дармектер боюнча эскертүү берилди

Эскертүүдө, таблеткаларда өлүмгө алып келүүчү дозада фентанил менен метамфетаминдин бар экени билдирилди.

1712078
АКШда жасалма дары-дармектер боюнча эскертүү берилди

АКШда социалдык тармактарда жана электрондук соода платформаларында кеңири таралган жасалма дары-дармектер жөнүндө эскертүү берилди.

АКШнын Баңгизаттарга каршы күрөшүү башкармалыгы жарыялаган эскертүүдө, таблеткаларда өлүмгө алып келүүчү дозада фентанил менен метамфетаминдин бар экенин билдирди.

Америкалык жетекчилер коомчулукту веб-сайттардан рецепт боюнча таблетка сатып албоону эскертишти.

Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын жетекчиси Энн Милграм: «Коркунучтуу жана көз каранды кылган химиялык заттарды камтыган жасалма таблеткалар мурункудан да коркунучтуу»,- деди.

Баңгизатка каршы күрөшүү башкармалыгынын лабораториялык анализи фентанил камтыган ар бир беш жасалма таблеткадан экөөнүн өлүмгө алып келүүчү дозада экенин ортого салды.

Ушул учурга чейин 9,5 миллиондон ашык жасалма таблеткалар колго түштү.

Бул көрсөткүч акыркы эки жылдын жалпы санынан көп.

Жасалма таблеткалардын басымдуу көпчүлүгү Мексикада чыгарылууда.



Тектеш кабарлар