Зимбабведе мамлекеттик кызматкерлерге вакцина алуу мажбурдуулугу киргизилди
Ооруга чалдыккандардын саны 130 000 жакындаган өлкөдө, каза болгондордун саны 4 600дөн ашты.
Зимбабве өкмөтү мамлекеттик кызматкрелерди Ковид - 19га каршы вакцина алууну мажбур абалга алып келген мыйзамды жактырды.
Өлкөнүн расмий гезитинде жарыяланган мыйзам боюнча өлкөдөгү бардык мамлекеттик кызматкерлер 15 - октябрга чейин эки доза Ковид - 19 вакцинасын алышы керек.
Вакцина албаган адамдар 16 - октябрдан кийин офистерге кире албайт жана айлык маяналарын ала албайт. Вакцинадан баш тартууга жүйөлүү негиздери барларга 31 - декабрга чейин уруксат берилет.
Зимбабведе өкмөт буга чейин мамлекеттик кызматкерлерди вакцина алууга же кызматтан кетүүгө чакырган.
Африкадагы вакцинация ылдамдыгы эң жогору болгон өлкөлөрдүн бири Зимбабведе 3 миллион адам вакцинанын биринчи дозасын алса, 2,2 миллион адам толугу менен вакцина алган. Ооруга чалдыккандардын саны 130 000 жакындаган өлкөдө, каза болгондордун саны 4 600дөн ашты.