Түндүк Корея ракетасын сынады

Ракетанын " Япониянын өзгөчө экономикалык аймагынын" сыртындагы деңизге түшкөнү кабарланды.

1711407
Түндүк Корея ракетасын сынады

Япония менен Түштүк Корея Түндүк Кореянын "баллистикалык" деп эсептелген ракетасын сынаганын билдиришти.

Киодо агенттигинин Япониянын өкмөттүк булактарына таянып берген кабарына караганда, Түндүк Корея баллистикалык ракета сыноосун өткөрдү.

Ракетанын " Япониянын өзгөчө экономикалык аймагынын" сыртындагы деңизге түшкөнү кабарланды.

Кабарда Япониянын премьер-министри Суга Ёсихиденин өкмөттүн тиешелүү мекемелерине күтүүсүз кырдаалдарга даярданууну тапшыргандыгы маалымдалды.

Yonhap агенттигинин Түштүк Кореянын Башкы штаб башчысынын билдирүүсүнө таянып жазганына караганда да, Түндүк Корея өлкөнүн чыгыш жээгине "белгисиз" ракетасын учурду.

Түндүк Кореянын ушул айда экинчи жолу баллистикалык ракетасын сынаганы билдирилди. 15-сентябрда учурулган эки баллистикалык ракета Япониянын өзгөчө экономикалык аймагына түшкөн болчу.



Тектеш кабарлар