"Миндулле" бороону Японияны көздөй баратат

Япониянын Метеорология Агенттиги эскертти.

1711298
"Миндулле" бороону Японияны көздөй баратат

Тынч океанда пайда болгон жана күчүн жогорулатуу менен жолун уланткан "Миндулле" тайфуну Японияга карай баратканы жарыяланды.

Япониянын Метеорология Агенттиги (JMA) Филиппин деңизиндеги "Миндулле" бороонунун өлкөнүн түштүгүндөгү Окинотори-шима аралын көздөй бет алганын эскертти.

JMAнын божомолуна караганда, саатына 180 чакырым ылдамдыкта бара жаткан тайфундан улам боло турган 6-8 метр бийиктиктеги толкундардын Окинава аралына жетүүсү күтүлүүдө.

Аралдар аймагына эки күн бою таасирин тийгизе турган тайфун андан кийин түндүк-чыгышка карай жылып, 1-октябрда борбор шаар Токионун Изу аралдарына жакындайт.

JMA, Миндулленин өлкөнүн түштүк жана түштүк-чыгыш бөлүктөрүнө катуу шамал, чоң толкун жана нөшөрлүү жамгыр алып келерин билдирди.



Тектеш кабарлар