Лавров: «Талибдердин эл аралык деңгээлде таанылышы күн тартипте жок»

Бириккен Улуттар Уюмунун 76 -Башкы Ассамблеясынын жыйналыштарына катышуу үчүн АКШнын Нью -Йорк шаарында болгон Лавров, өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

1710552
Лавров: «Талибдердин эл аралык деңгээлде таанылышы күн тартипте жок»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Ооганстанды көзөмөлгө алган талибдердин эл аралык деңгээлде таанылышы учурда күн тартибинде жок экенин айтты.

Бириккен Улуттар Уюмунун 76 -Башкы Ассамблеясынын жыйналыштарына катышуу үчүн Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Нью -Йорк шаарында болгон Лавров, өткөргөн маалымат жыйынында журналисттердин күн тартибине байланыштуу суроолоруна жооп берди.

Ооганстандагы окуяларга токтолгон Лавров, АКШнын шашылыш түрдө чыгып кетишинен кийин ташталган көп сандагы курал -жарактардын кыйратуучу максаттарда колдонулбай тургандыгына үмүттөнөрүн айтты.

Алар талиптер менен байланышта экенин жана талибдер үчүн инклюзивдүү өкмөт жөнүндөгү убадаларын аткаруу өтө маанилүү экенин айткан Лавров: «Учурда талибдердин эл аралык деңгээлде таанылышы күн тартипте жок»,-деди.

Сириядагы окуяларга токтолгон Лавров, 29 -сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин менен президент Режеп Таййип Эрдогандын (Орусияда) жолугушуусунда Идлиб маселеси карала турганын айтты.

Евфрат дарыясынын чыгышында АКШ менен мезгилдүү байланышта болгондорун белгилеген Лавров, АКШнын Танф жана Рукбан аймактарында болушунун кабыл алынгыс экенин айтты.

АКШ менен да (Сирияда) чыңалууну басаңдатуу механизми жөнүндө сүйлөшкөндөрүн белгилеген Лавров, бул механизмдин иштегенин айтты.

Лавров ошондой эле Америка Кошмо Штаттарын үзгүлтүккө учураган Ирандын өзөктүк сүйлөшүүлөрүн кайра баштоо үчүн активдүү позицияда болууга чакырды.



Тектеш кабарлар