Россияда коронавирус: Өлүмдөр рекорддук деңгээлде

Өлкө боюнча акыркы 24 саатта 21 миң 438 кишиде коронавирус аныкталды.

1709780
Россияда коронавирус: Өлүмдөр рекорддук деңгээлде

Россияда коронавирустан (Ковид-19) акыркы 24 саатта 820 адам каза болду.

Өлкөдө 26-августтагы ушул сан менен дагы бир жолу күнүмдүк эң жогорку өлүм катталды.

Россиянын Коронавируска каршы күрөшүү борборунун билдирүүсүнө ылайык, өлкө боюнча акыркы 24 саатта 21 миң 438 кишиде коронавирус аныкталды.

Акыркы көрсөткүч менен биргеликте 15-августтан бери күнүмдүк эң жогорку учур катталса, жуктургандардын жалпы саны 7 миллион 354 миң 995ке жетти.

Эң көп бейтап 3 миң 445 менен Москвада катталды. Россияда учурда 594 миң 770 адам коронавирус менен ооруп жатат.



Тектеш кабарлар