Грецияда мигранттар лагери өрттөндү

Которууну күтүп жаткан 300дөн 500гө чейин мигранттар жашаган лагерь бул жумада жабылмак.

1708057
Грецияда мигранттар лагери өрттөндү

Грециянын Самос аралындагы Ватинин качкындар лагеринде өрт чыкты.

Грециянын миграция министрлиги: "Лагердин батышындагы кароосуз калган казармадан өрт чыккандыктан ал жерде жашап жаткандар үчүн эч кандай коркунуч жок. Калгандары эвакуацияланды", - деп билдирди.

Көптөгөн мигранттар жана  балдар, Ватинин лагеринин жанындагы унаа токтотуучу жайга чогулушту.

Бийликтин маалыматы боюнча, ээн жерде башталган өрттү көзөмөлдөө үчүн окуя болгон жерге алты өрт өчүрүүчү унаа жөнөтүлгөн. Которууну күтүп жаткан 300дөн 500гө чейин мигранттар жашаган лагерь бул жумада жабылмак.



Тектеш кабарлар