Алжирдин мурунку президенти Бутефлика жерге коюлду

Бутефлика 17-сентябрда 84 жашында каза болду.

1708108
Алжирдин мурунку президенти Бутефлика жерге коюлду

17 - сентябрда Алжирде каза болгон мурунку президент Абдулазиз Бутефлика кечээ борбор Алжирде расмий азем менен акыркы сапарга узатылды.

Алжирдин APS маалымат агенттиги кабарлагандай, акыркы сапарга узатуу аземине президент Абдулмежид Теббуне, жогорку даражалуу жарандык жана аскердик жетекчилер, Бутефликанын үй -бүлөсү жана туугандары катышты.

Жаназа намазынан кийин Бутефлика аскердик унаа менен мурунку президенттер менен француз колониясына каршы боштондук күрөшүнө катышкан командирлер коюлган Аль-Алие көрүстөнүнө алып барылып жерге коюлду.

Алжирде "эң узак иштеген президент" жана "өлкөдөгү массалык нааразылык кыймылдарынын натыйжасында бийликтен кеткен биринчи адам" катары белгилүү болгон мурунку президент Бутефлика 17-сентябрда 84 жашында каза болду.



Тектеш кабарлар