АКШ менен Түштүк Корея диалог жана санкцияга басым жасашты

АКШ менен Түштүк Кореянын дипломаттары "Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жана Түндүк Корея менен сүйлөшүү" маселесин талкуулашты.

1706299
АКШ менен Түштүк Корея диалог жана санкцияга басым жасашты

Америка Кошмо Штаттары (АКШ), Япония жана Түштүк Корея Түндүк Кореяны ядролук куралдан арылтуу аракеттерин "диалог жана санкция" аркылуу улантууга макул болушту.

Япониянын жетекчилигинде чогулган АКШ менен Түштүк Кореянын дипломаттары "Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу жана Түндүк Корея менен сүйлөшүү" маселесин талкуулашты.

Үч тараптуу саммитке Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Азия жана Океания иштери боюнча башкы директору Такехиро Фунакоши, АКШнын президенти Жо Байдендин Түндүк Корея боюнча атайын өкүлү Сунг Ким жана Түштүк Кореянын Корей жарым аралындагы Тынчтык жана коопсуздук иштери боюнча атайын өкүлү Нох Кю Дук катышты.

Саммитте үч өлкөнүн өкүлдөрү Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин массалык кыргын салуучу жана баллистикалык куралдарды чыгарууга жол бербөө боюнча токтомуна ылайык, Түндүк Кореяны "өзөктүк куралдан толук арылтуу" максатына карата тыгыз кызматташууга макул болушту.



Тектеш кабарлар