Мексикада 7 баллдык жер титирөө болду
Жер титирөөдөн бир адамдын каза болгону кабарланды.
1704263
Мексиканын Герреро штатында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Жер титирөөдөн кийин цунами тууралуу эскертүү берилди. Биринчи маалымат боюнча бир адам каза болду.
Мексиканын Улуттук сейсмологиялык кызматы, жер титирөөнүн өлкөнүн түштүгүндөгү Герреро штатындагы Акапулько шаарынын түштүк-чыгышында болгонун жарыялады.
АКШнын Цунами эскертүү системасы тарабынан жер титирөөдөн кийин цунами тууралуу эскертүү берилди.
Бир тараптан АКШнын Геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчүн алгач 7,4 деп жарыялады, андан кийин 7ге жеткенин билдирди.
Жер титирөөдөн Мичоакан, Жалиско жана борбор шаар Мехиконун да таасирленгени кабарланды.