Канадада ондогон чөө жок кылынат

Шаарда Стэнли паркындагы чөөлөрдүн кол салуулары жетекчилерди кооптондурууда.

1703379
Канадада ондогон чөө жок кылынат

Канаданын Венковер шаарында ондогон чөө жок кылынат.

Шаарда Стэнли паркындагы чөөлөрдүн кол салуулары жетекчилерди кооптондурууда. Декабрь айынан бери төрт километрдик шаар паркында 45 бала чөөлөрдүн кол салуусунан жаракат алды.

Британ Колумбиясынын (BC) токой чарбасы департаменти Стэнли паркындагы чөөлөрдү эвтанизациялоону чечти.

Стэнли Паркта өзгөчө балалуу үй  -  бүлөлөр чөөлөрдү жакындан көрүү үчүн аларга тамак бергендиги ушул себептен чөөлөрдүн адамдарга көнүп жана тамак  - ашка шарттангандыгы билдирилди.

Чөөлөргө тамак берип жакшылык кылгандыгын ойлогон кишилердин жапайы жаныбарларды тамак  - ашка шарттандыргандыгы жана адамдардан коркуу сезимин жоготууга түрткөндүгүн белгилеген жетекчилер жаныбарларга тамак бербөө жана жапайы турмушка кийлигишпөөгө чакырышты.



Тектеш кабарлар