Грецияда вакцина албаган медициналык кызматкерлер жумушунан алыстатылды

Греция Ковид  - 19  эпдмиясына каршы вакцина албаган 7 000 медициналык кызматкерин жумушунан алыстатты.

1702495
Грецияда вакцина албаган медициналык кызматкерлер жумушунан алыстатылды

Греция Ковид  - 19  эпдмиясына каршы вакцина албаган 7 000 медициналык кызматкерин жумушунан алыстатты.

Борбору Афина болгон грек “Kathimerini” гезитиндеги кабарга караганда саламаттыкты сактоо министри Танос Плеврис депутаттардын алдында берген маалыматында жумуштан алынган медициналык кызматкерлердин саны 6 412, тез жардам кызматкерлеринин саны 500 экендигин билдирди.

Грек өкмөтүнүн  вакцина албаган медициналык кызматкерлердин жумуштан алыстатуу чечимин жактаган Плеврис ушундайча медициналык  кызматкерлердин арасындагы вакцинациялоо катнашынын барган сайын көбөйгөндүгүн белгиледи.

Вакцина алуу үчүн берилген мөөнөттүн 1 -  сентябрда аякташы менен Грецияда миңдеген медициналык кызматкери жумушунан алынды. Жүздөгөн медициналык кызматкер 2 -  сентябрда өткөргөн митингде өкмөттүн  мажбур түрдө вакцина алуу саясатына каршы чыкты.

Нааразычылык акциясынан кийин өкмөт кеминде 1 доза вакцина алган медициналык кызматкердин жумушуна кайтып келерин билдирди.



Тектеш кабарлар