Дагы эки өлкөдө "Му варианты" табылды

"Му вариантынын" жайылуу ылдамдыгы өсүп жаткандыгы айтылууда.

1702296
Дагы эки өлкөдө "Му варианты" табылды

Биринчи жолу Колумбияда табылган коронавирустун (Ковид-19) "Му варианты" Греция менен Японияда катталды.

Грециянын Коомдук Саламаттык сактоо Агенттигинин (EODY) билдирүүсүнө ылайык, Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму (ДССУ) вакциналарга чыдамдуу мутацияга ээ болгонун, бирок бул маселе боюнча көбүрөөк изилдөө керек экенин айткан "Му варианты" өлкөдө 6 кишиде табылды.

Бейтаптардын экөөсү борбор шаар Афинанын Eleftheros Venizelos аэропортунун кире беришиндеги тесттер аркылуу аныкталса, калган 4 учур Арголида, Аттики жана Ахаиада катталды.

Японияда да вирустун "Му варианты" 2 адамдан табылды.

Бейтаптардын бирөө Токионун чыгышындагы Нарита аэропортунда Бириккен Араб Эмираттарынан (БАЭ) учкан жүргүнчү, экинчиси борбор шаардагы Ханеда аэропортунда Британиядан учкан жүргүнчүндө аныкталды.

Жүргүнчүлөр карантинге алынды.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму "Му вариантынын" дүйнөлүк жайылышы учурда 0,1 пайызды түзгөнүнө карабастан, Колумбиядагы бейтаптардын 39 пайызын жана Эквадордогу бейтаптардын 13 пайызын түзөт деп жарыялаган. Буга ылайык, жайылуу ылдамдыгы өсүп жаткандыгы баса белгиленген. 



Тектеш кабарлар