Автомобиль секторунда чип кризиси

Автомобиль тармагындагы чиптин жетишсиздиги өндүрүшкө жана сатууга таасирин тийгизүүнү улантууда.

1702382
Автомобиль секторунда чип кризиси

Өткөн жылы башталган Ковид-19 эпидемиясы менен электрондук жабдууларга суроо-талаптын өсүшү жана жеткирүү чынжырындагы маселелер көптөгөн тармактарда чип кризисине алып келди. Автомобиль тармагында өндүрүшкө таасир берген кризис, дүйнөлүк масштабда сектордо чоң киреше жоготууга алып келди.

Чиптердин жетишсиздиги көптөгөн компанияларды өндүрүштү кыскартууга же заводдорду жабууга түртүүдө.

Америкалык автомобиль гиганты Форддун өндүрүш пландары үзгүлтүккө учурап, сатуу төмөндөдү. Компания өзүнүн заводдорунун биринде кеминде эки жумага пикап машиналарын чыгарууну токтото турганын жана башка эки заводдо өндүрүштү кыскартарын жарыялады.

АКШда сатуу август айында  33 пайызга кыскарды.

Өндүрүштү кыскартуучу автомобиль компанияларынын бири General Motors болду. Компания АКШдагы 8 заводунда өндүрүштү кеминде эки жумага токтотоорун жарыялады.

Япониянын Toyota компаниясы да алдыдагы эки айда Япония менен Түндүк Америкада өндүрүшүн кеминде 40 пайызга кыскартарын жарыялады.



Тектеш кабарлар