ДССУ коронавирустун «Му варианты» боюнча эскертти

ДССУ 31-августта жарыяланган жумалык отчетун өзгөчө Түштүк Америкада күч алган 'B.1.621' вариантына бөлдү.

1700738
ДССУ коронавирустун «Му варианты» боюнча эскертти

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюму (ДССУ) Колумбияда биринчи жолу январь айында табылган коронавирустун (Ковид-19) «Му варианты» деп аталган "B.1.621" вариантынын вакциналарга каршы туруштук бериши мүмкүн экенин билдирди.

ДССУ 31-августта жарыяланган жумалык отчетун өзгөчө Түштүк Америкада күч алган 'B.1.621' вариантына бөлдү.

Отчетто варианттын "изилдениши" керек болгон варианттардын арасында экени айтылды. Ошондой эле Түштүк Америкада жана Европада учурлар катталгандыгы баса белгиленди.

ДССУ "Му варианттынын" вакциналарга каршы туруштук бериши мүмкүн болгон мутацияга ээ экенин, бирок муну дагы көбүрөөк изилдөө үчүн жаңы иликтөөлөр жана маалыматтар керек экенин айтты.

ДССУ "Му варианттын" глобалдык жайылышы учурда 0,1 пайызды түзсө да, ал Колумбиядагы учурлардын 39 пайызын жана Эквадордогу учурлардын 13 пайызын түзөт деп жарыялады. Буга ылайык, жайылуу дайыма өсүп жаткандыгы баса белгиленди.

ДССУ коронавирустун варианттарын VOC (тынчсыздандыруучу варианттар) жана VOI (кызыктыруучу варианттар) деп эки класска бөлүү менен карап чыгат.

Азырынча тынчсыздандыруучу варианттардын тизмесине төрт вариант кирди. Булар; 193 өлкөдө табылган Альфа, 141 өлкөдө аныкталган Бета, 91 өлкөдө катталган Гамма жана 170 өлкөдө аныкталган Дельта варианттары.

"Му вариант" учурда "кызыктыруучу варианттарга" кирет.



Тектеш кабарлар