Перуда эки кеме сүзүштү

Кырсыкта 11 жүргүнчү сууга чөр\гүп, 6 адам жаракат алды.

1699610
Перуда эки кеме сүзүштү

Түштүк Америка өлкөсү Перуда эки кеменин кагылышуусунан 11 жүргүнчү каза болуп, 6 адам жаракат алды.

Перунун Амазонка аймагындагы Хуаллага дарыясынан Юримагуас шаарын көздөй бара жаткан жүргүнчү кемеси калың тумандан улам башка кеме  менен сүзүштү.

Улуттук жарандык коргоо институту кырсыктын кесепетинен оодарылган кемеде 11 жүргүнчүнүн сууга чөгүп, 6 адамдын жаракат алганын жарыялады.

Каза болгондордун так саны белгисиз болуп,  кырсыкта издөө - куткаруу иштеринин башталгандыгы билдирилди.



Тектеш кабарлар