Франциянын президенти Макрон Иракта

Франциянын президенти Еммануэль Макрон : «Багдат кызматташуусу жана өнөктөштүк конференциясына» катышуу үчүн Ирактын борбор шаары Багдатка барды.

1698809
Франциянын президенти Макрон Иракта

Франциянын президенти Еммануэль Макрон : «Багдат кызматташуусу жана өнөктөштүк" конференциясына катышуу үчүн Ирактын борбор шаары Багдатка барды.

Макронду тосуп алган Ирактын премьер - министри Мустафа ел  -  Казыми пресс – жыйын өткөрүп, Ирак жана Франциянын ДЕАШ террордук уюмга каршы биргеликте күрөшкөндүгүн айтып, Франциянын бул тууралуу колдоосун унутпай тургандарын билдирди. Казыми Макронду «Ирактын негизги досу» деп мүнөздөдү.

Макрон да ДЕАШтын ирактыктардын каарман күрөшүнүн натыйжасында жеңилгендигин белгилеп, Ирактын коопсуздугу жана туруктуулугуна маани беришкендерин, Ирак менен түрдүү тармактарда кызматташууга даяр экендерин айтты.

Ирактагы өкмөттүн эрте шайлоо аракеттерине ыраазы экендерин айткан Макрон жерлеринен кеткен ирактыктардын үйлөрүнө кайтышын колдошкондорун белгиледи.

Багдатта өткөрүлүп жаткан «Багдат кызматташтык жана өнөктөштүк" конференциясына тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен бирге Иордания, Иран, Египет, Кувейт, Катар менен Бириккен Арап Эмираттарынан да катышуу болот.



Тектеш кабарлар