Орусия АКШнын аскерлерин Орто Азияда көргүсү келбейт

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто Венгриянын борбору Будапештте жолугушкандан кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

1696678
Орусия АКШнын аскерлерин Орто Азияда көргүсү келбейт

Орусия Америка Кошмо Штаттары (АКШ) тарабынан Ооганстандан чыгарылган аскердик күчтөрдү Борбор Азия өлкөлөрүндө көргүсү келбей турганын жарыялады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Петер Сийярто Венгриянын борбору Будапештте жолугушкандан кийин маалымат жыйын өткөрүштү.

АКШнын Ооганстандан чыгарылган аскердик күчтөрүн Борбор Азия өлкөлөрүнө жайгаштырууну каалап жатканын белгилеген Лавров: «Биз бул аймакта америкалык аскерлерди көргүбүз келбейт. Анткени бизде жалпы коопсуздук аймагы бар жана бул аймактын өзүнүн милдеттенмелери бар. Алардын аймагында чет элдик куралдуу күчтөрдүн жайгаштырылышы үчүн бардык шериктештердин макулдугун көздөгөн Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмун (ЖККУ) айтып жатам»,- деди.

Лавров, Америка муну керек болгондо Ооганстанга кол салуу үчүн жасагысы келгенинин серебин салды.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде Ооганстандагы абалды талкуулоого даяр экендиктерин билдирген Лавров, Ооганстандын кеңейтилген үчтүгүнүн (Россия, АКШ, Кытай, Пакистан) Ооганстан маселесин чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү улантууну жактай турганын билдирди.

Венгриянын тышкы иштер жана тышкы соода министри Сийярто да Ооганстандагы кырдаал анын өлкөсү үчүн улуттук коркунуч экенин билдирди.

Сийярто АКШ Ооганстандан аскерлерин акырындык менен чыгарып кетиши керектигин баса белгиледи.



Тектеш кабарлар