Килауэа жанар тоосунда көп сандаган жер титирөөлөр катталды
Вулканда 140 жер титирөө катталган, алардын эң чоңу 3,3 баллга жетти.
![Килауэа жанар тоосунда көп сандаган жер титирөөлөр катталды](http://cdn.trt.net.tr/images/xlarge/rectangle/d7b9/bcd3/97df/6125f3bb8102b.jpg?time=1718727966)
Гавайидеги Килауэа жанар тоосунда көп сандаган жер титирөөлөр болгону аныкталды.
Гавайи вулкандары обсерваториясынын билдирүүсүндө, түнкүсүн башталган көптөгөн жер титирөөлөрдүн таңга чейин уланганы, бирок жер титирөөлөрдүн эч кандай жарылууга себеп болбогону кабарланды.
Маалым болгондой, вулканда 140 жер титирөө катталган, алардын эң чоңу 3,3 баллга жетти.
Катуу жер титирөөлөр учурунда вулкандын бетиндеги өзгөрүүлөрдү байкаган илимпоздор, бул өзгөрүү магманын вулкандын түштүк бөлүгүндө жылып баратканын көрсөтүшү мүмкүн экенин билдиришти.
Дүйнөдөгү эң активдүү вулкандардын бири Килауэада 1983-жылдан бери жарылуулар болуп турат.
Тектеш кабарлар
![Газада 37 миң 372 адам каза болду](http://cdn.trt.net.tr/images/medium/rectangle/9ade/0a35/d862/66717173928b9.jpeg?time=1718727966)
Газада 37 миң 372 адам каза болду
Газа өкмөтүнүн медиа кеңсеси Газа тилкесиндеги ачкачылык кризисине байланыштуу маалымат берди.