Сууну жетиштүү көлөмдө ичүү жүрөк оорусунун алдын алат

Аялдарга күнүнө 1,6дан 2,1 литрге чейин суу ичүү сунушталса, эркектер үчүн күнүмдүк суунун керектелиши 2ден 3 литрге чейин.

1696451
Сууну жетиштүү көлөмдө ичүү жүрөк оорусунун алдын алат

Өмүр бою сууну жетиштүү көлөмдө ичүү жүрөк оорусунун коркунучун азайтат.

Европалык кардиология коомунун 2021-жылдагы конгрессинде сунушталган изилдөөлөргө ылайык, өмүр бою сууну керектүү өлчөмдө колдонуу дененин суусуздануусун алдын алат, бул жүрөк жетишсиздигинин коркунучун төмөндөтөт.

Дарыгер Наталья Дмитриева, изилдөөнүн жүрүшүндө алар сууну жетиштүү көлөмдө ичүү жүрөк оорусуна алып келүүчү өзгөрүүлөрдү алдын алат же жок дегенде жайлатат деген жыйынтыкка келишкенин айтты.

Аялдарга күнүнө 1,6дан 2,1 литрге чейин суу ичүү сунушталса, эркектер үчүн күнүмдүк суунун керектелиши 2ден 3 литрге чейин.

Дүйнөлүк масштабда жүргүзүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, көптөгөн адамдар күнүмдүк сууну керектөөнүн минималдуу деңгээлине жете алышпайт.



Тектеш кабарлар