АКШ Кабулдан бир күндө 21600 адамды эвакуациялады
14 -июлдан бери АКШ Кабулдан болжол менен 58700 адамды эвакуациялады.
1696557
Америка Кошмо Штаттары (АКШ) 23-24-августта Ооганстандын борбору Кабулдан болжол менен 21 миң 600 адамды эвакуациялады.
Ак үйдүн басма сөз кызматынын билдирүүсүндө, АКШ армиясына таандык C-17 жана C-130 тибиндеги учактардын негизинде 23-24-августта 24 саат ичинде жүргүзүлгөн 37 рейс менен 12.700 кишинин жана 57 коалициялык учуу менен 8900 кишинин эвакуациялангандыгы билдирилди.
Ушундайча Кабулдан болжол менен 21600 киши эвакуациялангандыгы тууралуу маалымат бөлүшүлдү.
14 -июлдан бери АКШ Кабулдан болжол менен 58700 адамды эвакуациялады.
Билдирүүдө АКШ июль айынын аягынан бери Ооганстандан жалпысынан 63 900 адамды чыгарганы белгиленди.