Хикметяр : "Талибан лидеринин Кабулга келиши менен өкмөт куруу үчүн сүйлөшүүлөр башталат"

Жакынкы мезгилде Афганистанда «кенен камтуучу исламчыл өкмөттү» курушарын жарыялаган Талибан түзгөн делегациялар менен алдыңкы афган саясатчылары жолугушкан.

1694882
Хикметяр : "Талибан лидеринин Кабулга келиши менен өкмөт куруу үчүн сүйлөшүүлөр башталат"

Афганистандын алдыңкы саясатчыларынан Гүлбеддин Хикметяр жаңы өкмөттү куруу иштеринин Талибан лидеринин Кабулга келиши менен башталарын билдирди.

Афганистан маалымат каражаттарына билдирүү берген Хизб  -  и  Ислами партиясынын лидери Хикметяр жаңы өкмөттүн курулушу үчүн афган саясий лидерлери менен Талибандын ортосундагы расмий сүйлөшүүлөрдүн Талибан лидеринин Кабулга келиши менен башталарын айтты.

Хикметяр Талибандын кенен камтуучу бир өкмөт курууну каалагандыгына байланыштуу белгилердин бар экендигин белгилеп, Талибан делегациялары менен акыркы күндөрдө өткөрүлгөн сүйлөшүүлөрдүн расмий сапардын негизинде болбогондугун айтты.

Жакынкы мезгилде Афганистанда «кенен камтуучу исламчыл өкмөттү» курушарын жарыялаган Талибан түзгөн делегациялар менен алдыңкы афган саясатчылары жолугушкан.

Талибан делегациялары акыркы күндөрдө мурунку президент Хамид Карзай, Улуттук макулдашуу боюнча жогорку кеңештин төрагасы Абдуллах Абдуллах жана Хизб  -  и  Ислами партиясынын лидери Гүлбеддин Хикметяр менен жолугушкан.

Жекшемби күнү борбор шаар Кабулдун айланасын курчоого алган Талибан президент Ашраф Ганинин өлкөдөн, өкмөт күчтөрүнүн борбор шаардан чыгып кетиши менен шаарды эч кандай кагылышуусуз эле колго алган.



Тектеш кабарлар