Гренландиядагы мөңгүлөрдүн чокусуна биринчи жолу жамгыр жаады

Жамгыр жааган түнү 872 миң чарчы чакырымдык аянтта эрүү болгону билдирилди.

1694811
Гренландиядагы мөңгүлөрдүн чокусуна биринчи жолу жамгыр жаады

Гренландиядагы мөңгүлөрдүн чокусуна биринчи жолу жамгыр жааганы билдирилди.

Америка Кошмо Штаттарынын кар жана муз боюнча улуттук маалымат борбору, 15-августта Гренландияда 3 миң 216 метр бийиктиктеги жерге бир нече саат бою жамгыр жааганын жарыялады.

Жамгыр аймактагы муз катмарынын акыркы эң чоң "эрүү учуруна" туш келди.

Июль айында аймакта эки чоң ээрүү болгонун белгилеген илимпоздор, жамгыр жааган түнү 872 миң чарчы чакырымдык аянтта эрүү болгонун билдиришти.

Илимпоздор глобалдык жылуулуктун кесепетинен уюл аймагынын дүйнөдөгү беркилерге караганда эки эсе жылуураак экенин айтышууда.

Глобалдык жылуу дүйнөдө орточо температураны 1 градуска көтөрсө, уюлдардагы температура эки градуска жогорулады.

Ысуунун айынан мөңгүлөрдүн ээриши деңиз деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келип, жээктеги калктуу конуштарга коркунуч келтирүүдө.



Тектеш кабарлар